
Билим берүү жана ишкердик өлкөнүн экономикасын калыптандырууда чечүүчү ролду ойнойт. Бул статьяда билим берүү менен ишкердик ортосундагы татаал өз ара аракеттенүүнү жана алардын реалдуу экономика тайгизген таасири, жарандардын финансылык сабаттуулугу туралуу сөз болот. Билим берүү тутумдары ишкердикке, ой жүгүртүүгө жана жүрүм-турумга кандай таасир этээрин, ошондой эле ишкердик экономикалык өсүшкө жана инновацияларга кандай салым кошуп, алардын өз ара байланышына ар тараптуу анализ берүүнү максат кылабыз. Ачкыч сөздөр: бизнес-башкаруу, каржы, насыя, грант, менеджмент, маркетинг, ишкердик, экономикалык өсүш, жумуш орундарын түзүү, өндүрүмдүүлүк, рыноктук атаандаштык. Билим берүү жана ишкердик өнүгүп келе жаткан жана прогрессивдүү коомдун пайдубалын түзгөн эки маанилүү система. Билим берүү экономикалык өнүгүүнүн фундаменталдык кыймылдаткычы катары каралып, инновацияларды киргизүү, адаптациялоо жана жумушчу күчтү тартуу үчүн керектүү көндүмдөр жана билимдерди талап кылат. Билим берүү инсандарды билим, көндүмдөр жана сынчыл (критикалык) ой жүгүртүү жөндөмдөрүн калыптандырса, ишкердик ресурстарды инновацияларды жайылтуу, жумуш орундарын түзүү жана экономикалык өсүүнү стимулдаштыруу , салыктык нормаларды аткаруу, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген кызматтарды ишке ашырат. Мындан сырткары ишкерлер бизнес-башкаруу, финансы, маркетинг жана стратегиялык пландаштыруу сыяктуу чөйрөлөрдө керектүү теориялык билимдерин практикада колдоно алат.
| selected citations These citations are derived from selected sources. This is an alternative to the "Influence" indicator, which also reflects the overall/total impact of an article in the research community at large, based on the underlying citation network (diachronically). | 0 | |
| popularity This indicator reflects the "current" impact/attention (the "hype") of an article in the research community at large, based on the underlying citation network. | Average | |
| influence This indicator reflects the overall/total impact of an article in the research community at large, based on the underlying citation network (diachronically). | Average | |
| impulse This indicator reflects the initial momentum of an article directly after its publication, based on the underlying citation network. | Average |
